Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:31
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Садыр Жапаровдун «бомба» жарган интервьюсуна анализ

24.11.2020 11:16
2138
Садыр Жапаровдун «бомба» жарган интервьюсуна анализ


23-ноябрдын кечинде президенттикке талапкер Садыр Жапаров «7-канал» телеканалына маек берди. Садыр мырза андан эки күн мурун өзүнүн Инстаграммдагы баракчасына «Бул Башмыйзамга каршы чыгып жаткандардын ана башында тургандын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам» деп жазган болчу. Элдин күткөнү да ушул эле. Андыктан маектин өзөктүү жери да ушул болду.


Башында конституциялык реформа тууралуу өзүнүн пикирин айтып өттү. Албетте, Конституцияда мүчүлүштүктөр бар, аларды оңдоп-түзөө зарыл экени буга чейин деле айтылып келген. Бирок, улам бийлик алмашкан сайын, ээрге жаңы отургандардын баары эле жаңы Конституция кабыл алгысы келе бергени ачыгын айтканда коомчулукка көп жакпай турат. Акаевдин доорунан бери карай Башмыйзам өтө эле көп жолу өзгөртүлдү, оңдолду. Президенттик башкаруусун да, парламенттик башкаруусун да көрдүк. Бирок, өлкө экономикасы андан оңолуп кеткен жок. Ошонгдон улам кеп Конституцияда эмес, кеп бийлик башына келген адамдарда болуп жатканына көз жетти.


С. Жапаров азыркы тапта сунушталып жаткан жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алгыла деп эч ким шаштырып жатпаганын маекте билдирди. Андай болсо 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен чогуу конституциялык реформаны да өткөрүп салуу керек деген сөз кайдан чыкты? Өлкөнү укуктук талаага тезирээк кайтарып келүү үчүн балким конституциялык реформаны кое туруп, адегенде бүгүнкү Башмыйзамдын негизинде парламенттик шайлоону, андан соң президенттик шайлоо өткөрүп, баарын өз ордуларына коюп алган соң, шашылбастан конституциялык реформага киришсек болбойт беле?


«Мени хандык Конституция киргизгени жатат деп жатышат. Эгер мен хандык башкарууну кааласам, мына бул Текебаев жазган Конституция ага толук жол бермек. Парламентке өткөн партиялар ким спикер болот, ким премьер болот деп президенттин көзүн карап отурат» дейт Садыр Жапаров. Бүгүнкү күндөгү Башмыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары бир топ чектелгени белгилүү. Болгону мурдагы эле көнгөн адат менен спикер да, премьер да, парламент депутаттары да президенттердин көзү карап келишти. Эгерде Конституция толук кандуу иштегенде, анда мындай болбойт болчу. С. Жапаров ушул эле Конституция менен өкмөттү да, спикерди да президенттен көз каранды болбой иштей тургандай шартты түзүүгө толук мүмкүнчүлүгү болмок. Экинчиден, эгер жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынып, ишке кирип калса, анда премьер менен спикер президенттин көзү карабай калабы?


«Текебаевдин Маевскийден 1 миллион доллар алганы боюнча иши сотто жүрүп жатпайбы. Бул 1 миллион долларды алган Маевскийден, алганы анык. Муну бардык саясий элита билет, депутаттар бардыгы билет. Керек болсо Кулов дагы билет, Кулов калп десе, Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет, мен да тастыктап берем», - деди Жапаров. Ошого кошумча «Текебаевди «Мегакомду» саткандан кийин 10-15 миллион доллар чөнтөк кызыкчылыгы үчүн алмак» деп да билдирди.


Демек, С. Жапаровдун андан эки күн мурун «Конституцияга каршы чыгып жатышкандардын анабашынын чыныгы жүзүн ачам» дегени ушул «бомба» болуп жатабы? Коомчулук бул «Бомба» 2016-жылы эле «жарылганын» жакшы билет го. Же жалганбы? Эгерде ал кылмыш иши боюнча жаңы жагдайлар бар болсо, анда «Ө. Суваналиев тастыктап берет, мен да тастыктап берем» деп куру сөз менен тастыктаганча, далилдерди коомчулуктун алдына жая салса кандай болмок?


Садыр мырза ушул эле маегинде «мен 2011-жылы мен парламентте комитет жетекчиси болуп турганда, көз карандысыз сот системасына алып баратканбыз. Эми 100% болбосо дагы 70-80% Ак үйгө көз карандысыз, мыйзам менен гана иштей турган сотторду түзөлү дегенбиз да. Булар коркуп кетти дагы, Садыр Жапаров жалаң «Ата-Журттун» сотторун, туугандарын өткөрүп алыптыр деген шылтоо менен 100дөй аял-эркектерди алып келип алышып, бөтөлкө ыргыттырып, тапичке ыргыттырып, «Садыр Жапаров кетсин» деп кыйкырттырып, мени комитеттен алып, баягы мыйзамдардын баарын четке кагып, токтоттуруп, Токтогул Туманов деген КСДПнын ошол убактагы депутатын алып келип, менин ордума коюп, анан мына бүгүнкү Ак үйдөн 100% көз каранды соттордун системасын түзүп отуруп алышкан. Он жылдан бери ошол көз каранды соттор келатат. Эгерде ошондо Текебаев тоскоол болбой, өзүнүн командасы менен тескерисинче мени колдоп койгондо 2012-жылы биз камалбайт элек, Ташиев, Мамытов, мен болуп, 2016-жылы Текебаев өзү камалбайт эле», - дейт.


Ушул жерде С. Жапаровдун ойлору бири-бирине кайчылаш болуп калган жокпу? Ал башында Текебаевдин Маевскийден 1 миллион доллар алганы чын, аны тастыктап берем дебедиби? Анан кайра 2016-жылы ал камалбайт эле дегени кандай?


Ушул эле маегинде ал депутат Каныбек Иманалиевдин да кылмыш иштери бар экенин кыйытты. Бул билдирүүлөрү анын конституциялык реформага бул саясатчылардын каршы чыгып жатканы үчүн жасап жаткан эскертүүсү эмеспи? Мурдагы бийликтердин убагында да бийликтин жасап жаткан аракетине жакпаган көз караштарды айткандардын улам биринин кылмыш иши чыга берет эле. Садыр мырза да ошол жолду тандап алган жокпу? Бирок, ал атаандаштарын куугунтукка албай турганын баса белгилеп жатат. Демек, үмүт кылсак болот. Аны С.Жапаров президент болуп шайланып келгенден кийин көрөлү. Албетте, эл колдосо. 


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ormonbek Kudaiberdiev
Бул медиа центрдин кожоюну ким болду экен. Билген бирөө жарым болсо айтып койгулачы. Анткени информация бир тараптуу болуп калыптыр. Кожоюну ким экендигин билип туруп өз пикирибизди айталык.
Nasiba Mirzali
Оба оюнузга кошулам, президенте кандидат эми Эле догурунуп жатат, Ала Арча Резиденциясынан чыкпай жашап затканы эмнени, атасынан калган менчиктей. Президент болбой Эле Койсу, болсо эч кимди суйлотпой баарын коркутат го..