Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 12:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Садыр Жапаровдун бүгүн депутаттар менен жолугары айтылды

21.07.2021 12:50
1094
Садыр Жапаровдун бүгүн депутаттар менен жолугары айтылды

Бүгүн, 21-июлда президент Садыр Жапаров Бишкектеги резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат. Бул тууралуу "Азаттык" ишенимдүү булактарына таянып билдирди.


Жолугушууда өткөн аптада бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорго байланыштуу сөз болот. Жапаровдун басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн жок.


“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Ага ылайык 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.


Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн