Бугу 12, 2024
Убакыт: 11:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаровдун эркиндигин тартып алганы жатышат

18.11.2020 14:55
583
Садыр Жапаровдун эркиндигин тартып алганы жатышат


Урматтуу Садыр ава!

Сиз бийликтен куугунтук жеп, мекенден сыртта жүрүп МЕКЕН кадырын билесиз! Сиз бийлик менен кармашып, абакта жатып ЭРКИНДИКТИН кадырын билесиз. Кыргыз саясатында уникалдуу феномен катары абакта жатып бир түндө бийликтин бардык бутагына кожоюн болуп чыга келдиңиз. Бул сиздин кыйындык же ашынган саясатчылыгыныз эмес, бул тарых, эл берген мүмкүнчүлүк.


Эми болсо тегерегиңиздеги айрым адамдар жаңы Конститутцияны сиздин колуңуз менен демилгелетип, жакынкы эле жылдарда сиздин МЕКЕНИҢИЗДИ, ЭРКИНДИГИҢИЗДИ тартып алганы жатат. Кечеки  тарыхтан көрүп жатасыз. Акаев, Бакиев кара башын алып качып кетти. Аларды аңга түрткөндөр бүгүн сизди тегеректеп жүрөт. Алар калат, сизге жоопкерчилик үйүлөт. Азыртадан терең ойлонуңуз, сиздин эркиңиз жетет деп ойлойм. Бийликти бир колго топтоо эч качан жакшылыкка алып келбейт. Сизге караганда миң эсе күчтүү, электораты басымдуу, каражаты мол Бакиев кайда жүрөт? Академик Акаев кайда? Чүйдү менчигиндей басып жаткан Атамбаев кайда? Ойлонуңуз, дагы эле кеч эмес!!!


Төлөгөн Сулайманов, журналист


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн