Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 19:27
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт

13.12.2024 10:53
512
Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт


Үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, турнирге ар тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар катышары күтүлүүдө. Достук мелдеши "Газпром" спорт комплексинде өтөт.

Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышат.

Алар: "Президенттин командасы", "Жогорку Кеңеш", "Көзөмөл", "Аймактар", "Ден-соолук", "Коопсуздук", "Фемида", "Спорт чеберлери", "Журналисттер", "Өнөр", "Билим", "Достук", "Динамо", "Ыйман", "Банктар жана бизнес", "Ноокат". 

Бул ирет республикалык масштабда ойнотулган "Мурас-Аймак" мелдешинин жеңүүчүсү Оштун "Ноокат" командасы "Мурас" турнирине жолдомо алып кошулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн