Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаровдун колдоочулары саясий ишмерлерди өлтүрөбүз деп коркутуп жатабы?

26.11.2020 11:24
1676
Садыр Жапаровдун колдоочулары саясий ишмерлерди өлтүрөбүз деп коркутуп жатабы?

Жарандык көзөмөл комитети Садыр Жапаровдун колдоочулары саясатчыларды  коркутуусу боюнча үн катты. ЖКК адам өмүрү менен коркутуу-үркүтүү оозеки болсо да кылмыш экенин эске салат. 


"Кыргыз Республикасы – бул ар бир инсан сөз эркиндигине жана өз ой-пикирин ачык билдирүүгө укугу бар эркин өлкө. Бирок буга чейин Кыргызстандын тарыхында, эч качан кимдин болбосун жар салган көз караштары азыр Садыр Жапаровдун тарапкерлери жаадырып жаткан мындай даражадагы касташуу менен коркутуп-үркүтүүлөргө алып келген эмес. Ал эле эмес, атаандаш, башка ой-пикирлерди айтып жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди өлтүрөбүз жана аларга каршы терроризм актыларын уюштурабыз деп коркутушууда.


Биз укук тартип органдарын карапайым калк менен кеңири кызматташууга, ошондой эле кибер-кылмыштардын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерди жүргүзүүгө чакырабыз. Террористтик актыларды өткөрөбүз деген кээ бир коркутуп-үркүтүүлөр чет өлкөлөрдүн аймагынан келип жатат. Кыргыз Республикасында жайгашкан эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн жана чет мамлекеттердин элчиликтерин Кыргызстандын өкмөтү менен укук коргоо органдарына биздин өлкөдө улам күч алып бара жаткан радикализм менен терроризмге каршы күрөшүүдө жардам берүүгө үндөйбүз!", -деп жазылат билдирүүдө. 

Мындан сырткары ЖКК коркутуу болгон учурда аны дароо телефонго же камерага  тартып алууну сунуштап, бул өз кезегинде укук коргоо органдарына чоң жардам болорун белгилеген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акылбек
Эмне учун Садырдын тарапташтары ошентип коркутуп жатат ; сеьеьи Садыр озу камала электеги Садыр эмес озу крисинал аркылуу бийликке келди демек озу криминал
Адина
Эн туура соз Садыр мыйзам боюнча акталып чыккан жок
Бека
Туура
Адахан Мадумаров
Гок мээ!,акылын ушуга кеттиби?????