Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:13
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Садыр Жапаровдун лобби компания менен түзүлгөн 1 млн долларлык келишимге тиешеси жок

05.11.2020 16:45
700
Садыр Жапаровдун лобби компания менен түзүлгөн 1 млн долларлык келишимге тиешеси жок


Президенттик аппараттын пресс-секретары Галина Байтерек социалдык тармакта талкуу болгон 1 млн долларлык келишим боюнча жооп берди. 


"Мыйзамга ылайык мамлкет жеке компаниялардын келишимдерин тескебейт. Ошондуктан мамлекет башчысы мындай келишимдерге кол койбойт. Ал келишимге кол койгондор президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атын жамынган болушу ыктымал. Садыр Жапаровдун ал келишимге эч кандай тиешеси жок", - деп маалымдады маалымат катчысы. 


Мындан сырткары бул түр маалыматтар келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу болушун белгиледи. 


Эске сала кетсек, foreinglobby.com сайты Садыр Жапаровдун атынан кыргыз бийлиги лобби компания менен 1 млн долларга келишим түзгөн деген маалымат чыгып кызуу талкууга түшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн