Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаровдун өкүлү Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго каршы арыз жазды

28.12.2020 10:01
1503
Садыр Жапаровдун өкүлү Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго каршы арыз жазды


Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин БШКга жана Ички иштер министрлигине Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго каршы арыз жазды.


Адвокаттын айтымында, алар Садыр Жапаровдун штабынын кызматкерлери эмес жана ага эч кандай тиешеси жок. Бирок алар өлкөдөгү президенттик  кызматка талапкердин атын жана үгүт материалдарын колдонушуп жатат.


Алексей Мощин Ички иштер министрлигинен жана Борбордук шайлоо комиссиясынан чара көрүүнү суранат. Ал Аспековго дагы, Жунусбековго дагы эч ким үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат бербегенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн