Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Патрулдук милиция "эски аянтты" элдин "канын соргон" жайга айлантып алдыбы?

10.04.2021 12:54
1289
Патрулдук милиция "эски аянтты" элдин "канын соргон" жайга айлантып алдыбы?


Мурдагы парламенттин имараты, учурда президент жана өкмөт башчы олтурган жайга кечки саат 7ден таңкы 7ге чейин унаа менен жакын бара албайсың. Ага баруучу 5 көчөдө көзгө араң эле көрүнгөн белги бар. Анда аталган убакытта аймакка унаа менен кирүүгө тыюу салынганы жазылган.  


7ден кийин күүгүм кирип, бул белгини өтө берилип караган адам гана байкабаса, шашып бараткандар көрбөй калышы толук мүмкүн. Патрулдук милициянын 10го чукул кызматкерлери болсо кечки саат 7ден баштап ошол жерди аңдып, унааларын бурчка, далдоо токтотуп, байкабай өтүп алган унааларды тосуп, четинен олчойто айып салып, элдин “канын сорууда”. Сөзгө такыр келбей, эскертүү дегенди билбеген патрулчулар эптеп эле протокол жазуунун амалын көрүп, түшкөн акчадан пайда табууну көздөп жаткандай.


Патрулдук милиция, негизи эле укук коргоо органдары элдин коопсуздугун камсыз кылышы керек. Тактап айтканда жарандардын кызыкчылыгы үчүн гана иштеши шарт. Ал эми азыркы Патрулдук милициянын буга окшогон жоруктары ачыктан-ачык элди тоноо эмеспи?  Эгер алар чындап элге күйсө “араң көрүнгөн жол белгини элибиз байкабай калышы мүмкүн, жок дегенде жолдун бурчуна темир тосмону коюп коёлу” демек да, туурабы? Жоок, антпейт, аңдып гана турат. Өлкөнү кымбатчылык каптап, адамдар күнүмдүк тамагына араң акча таап жатканда ушуга окшогон жасалма жол менен элдин “жонунан кайыш тилүүнү” токтотпойбу? Чындап ошол имаратта олтурган адамдардын өмүрүнө кечки саат 7ден таңкы 7ге чейин өткөн унаалар коркунуч жаратса жок дегенде МАИлер лента менен тосуп салбайбы?  


Президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Марипов мындай терс көрүнүшкө көңүл бурушу керек. Жетекчилерибиз элдин кызыкчылыгы үчүн аракет кылып жатканда буга окшогон жоруктар алардын мээнетин текке кетирбейби? Анын үстүнө акыркы кездери Бишкекте унаа көбөйүп, аны токтото турган жайлар жетишпей, аргасыз токтоп ишин бүтүрүп кайра чыккандар олчойгон айыпка жыгылууда. Бул да коомдо нааразычылыкты жаратып жатат. Элге штраф салганды билгенден кийин шарт түзүп берүүнү да ойлош керек да!


Канатбек Аскаров


 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Улан
Эмне учун койулганын ойлодунарбы ошол жол белгилери.
Тоха
Эл жакында ала таякчандарга каршы которулот, кылмышкерлерди кармабай эле машиналарды андык калды патрулдар
Белек
Булар кочодо элди тоной баштады кайра