Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаровдун пиарчылары “маалымат согушунан” эмнеге жеңилип жатат?

31.12.2020 09:50
757
Садыр Жапаровдун пиарчылары “маалымат согушунан” эмнеге жеңилип жатат?


10-январда өтө турган президенттик шайлоого аттанган талапкерлер арасында бири-бирине чабуул коюу күч алды. Социалдык тармактарда айыгышкан кармаш башталып, каралоолор, бири-биринин үстүнө жугунду төкмөй болуп жатат. Бул эми шайлоо өнөктөгү маалындагы нормалдуу көрүнүш.


Учурда фаворит болгон Садыр Жапаровдун каржылык мүмкүнчүлүгү башкаларга салыштырмалуу мыкты болуп жатканын көрүп жатабыз. Көчөдөгү көрнөк-жаранактардын көпчүлүгүн да ушул талапкер ээлеген. Маалымат каражаттарындагы рекламалык орундарда деле Жапаровду жактаган материалдар басымдуу. Социалдык тармактарда колдоп жаткан фейктер да аз эмес. Кыскасы Садыр Нургожоевич болушунча чыгым кылып жатат. Аны каржылоого даяр турган ишкерлер деле четинен чыгат.


Тилекке каршы Жапаровдун пиарчылары чабал болуп жатканы байкалууда. Контрчабуул, атаандаштар менен иштөө таптакыр аксоодо. Жапаровго караганда алда канча репутациясы булганган, арты таза эмес талапкерлер ага асылып, айласын кетирүүдө. Садыр мырзанын пиарчылары аларга карата аргументтүү жооп алып чыгып, мындай “чабуулчуларды” ордуна коё албай эзилип отурат. Жапаров аргасыз эл менен жолукканда, же маалымат каражаттарына маек бергенде жооп берүүдө. Эгер анын пиарчылары өз ишин так аткарып, берилип иштегенде Садыр Нургожоевичке жеткирбей эле ошол талапкерлердин жүзүн ачып, алардын сөзүнө эл маани бербей кала тургандай жагдайга алып келип коймок.   



Канатбек Аскаров

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Гүлжигит
Кандектин пилге борсулдап үргөнүнөн эле болуп жатат.С.Жапаровду башкалар канчалык жамандап,жугунду куйган сайын,Садырдын баркы эл арасында ошончолук өсүп барууда.Кайсы талапкер Садырды жамандап,шайлочкларды өзүмө имерип алам деген сайын анын рейтинги түшүп жатат...
Таа
Жапаровдун пиарчылары согушту ,каргаганды еле билет.Маданиятсыз топ.