Бүгүн премьер-министр Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жыйын берет. Бул жыйынга жалпы 148 ЖМК өкүлдөрү катышат. Анын 86сы жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Ал эми калганы чет элдик маалымат каражаттары. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат кызматынан билдиришти.
Пресс-конференция түз эфирде өтүп, КТРК жана башка телеканалдар аркылуу чагылдырылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн