Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 13:04
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Садыр Жапаровдун штабын Бабановдун ишенимдүү адамдары тейлейби?

03.12.2020 09:37
976
Садыр Жапаровдун штабын Бабановдун ишенимдүү адамдары тейлейби?


Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Республикалык шайлоо штабын Канат Тургунбеков жетектей баштаганын бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты. Баштапкы кесиби тергөөчү болгон Тургунбеков эмгек жолун 1992-1993-жылдыры Бишкек ШИИБинин Свердлов РИИБисинде опер болуп баштаган дешет. Эң кызыгы, жакындан билгендер Канат мырзаны саясатчы Өмүрбек Бабановдун ишенимдүү адамы экенин айтат.


Канат Тургунбеков 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо  “Республика” партиясынын шайлоо штабын жетектеп, жаңыдан түзүлгөн саясий уюмдун Жогорку Кеңешке келишине эмгек сиңирген дешет.


С.Жапаровдун борбордук штабын Бабановдун жакын адамдары ээледи деп бүтүм чыгарсак болобу? Пиарчыларынан баштап Бишкек шаардык координаторлору да Өмүрбек Токтогуловичтин эң ишенимдүү адамдары деген чынбы? 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн