Бугу 11, 2024
Убакыт: 11:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ЖЕЭКтин жыйыны башталды

09.12.2022 13:03
294
Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ЖЕЭКтин жыйыны башталды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны башталды. Отурумдун ишине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышууда.


Учурашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекеттердин башчылары ЖЕЭКтин тар курамдагы сессиясына катышуу үчүн залга өтүштү.


Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралмакчы.


Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.


ЖЕЭК жыйынын 230 жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү чагылдырууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн