Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 09:08
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Садыр Жапаровдун жубайы интерактивдүү музейдин ачылышына катышты

11.03.2021 14:44
733
Садыр Жапаровдун жубайы  интерактивдүү музейдин ачылышына катышты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова (Асанбаева) «Супара» этнокомплексиндеги миниатюралар жана кыргыз элинин маданияты интерактивдүү музейдин ачылышына катышты.


Музей «Шоро» ЖАК жана «Супара», «Супара Чуңкурчак» этнографиялык комлекстердин негиздөөчүсү, ишкер Табылды Эгембердиевдин жубайы «Supara Groupтун» башкы директору Жанылсынзат Турганбаева тарабынан түзүлгөн. Т.Эгембердиев 2015-жылы узакка созулган оорудан кийин каза болгон.

«Мен арабызда Жанылсынзат Турганбаевадай айымдар бар экенине чексиз кубанычтамын, алар биздин ата-бабаларыбызды унуткарышпайт. Музей жогорку чеберчиликте жасалган, сиздерге рахмат», - деди биринчи айым музейдин ачылышында сөз сүйлөп.

Өз кезегинде Ж. Турганбаева анын жолдошу 2009-жылдан бери ушундай музей түзүүнү кыялданып келгенин, бирок анын кыялы ал өлгөндөн кийин ишке ашканын белгиледи.

Мындан тышкары, иш-чарага КРнын мурдагы президенти Роза Отунбаева, Роза Айтматова, көрүнүктүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн