Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаровго кимдер атаандаш боло алат?

24.11.2020 19:07
1059
Садыр Жапаровго кимдер атаандаш боло алат?


Кыргызстан 2021-жылды мамлекетибиз үчүн эң маанилүү президенттик шайлоо менен тосуп алганы турабыз.


Талапкерлер арасында Садыр Жапаровдун шансы көп экени жашыруун эмес. Анткени эң башкысы бийлик колунда. Колунда бийлиги турган адамга кызмат көрсөтүп жагынып жүргөн арзыматтар ошончо. Бирок элдин түндүк-түштүк дебей толук колдоосун алып, мигранттардын да сүймөнчүлүгүнө ээ боло алды. Талапкерлер элге акча берип колдоо тапса, бул адамдын колдоочулары өздөрү акча чогултуп колдоп башташты.


Андан кийинки Садыр Жапаровго атаандаш катары күчтүү талапкер  Канатбек Исаев.


Канатбек Исаев түштүк жергесинде  саясат айдынындагы акыркы кадамдары, тагыраагы, топтолгон бир ууч топтун талабы менен эл тынчтыгын ойлоп президенттик посттон кеткен Сооронбай Жээнбековдун жанында аягына чейин колдоп, өзүнүн туруктуулугун, акыркы учурда чанда кездешчү эр жигиттик мүнөзүн көрсөтө алганы, тайманбастыгы менен өлкөнүн күнөстүү аймагында көп адамдардын "бали" деген сөзүнө арзыды. Бул деген сөз Канатбек Исаевдин түштүктө буга чейин да колдоп келишсе, мындан кийин да ал  колдоочуларынын санын көбөйтө алды.


Садык Шер агайды кимдер тааныбайт. Маданияттын күзгүсү. Маданият кызматкерлерине, маданият тармагында кандай иш-чара болбосун колдоосун аябаганын айтышып, агайды президент кылсак деп маданияттуу колдоочулары топ-топ болуп демилге көтөрүп колдоп башташты.


Анан Мадумаров. Текебер. Өзүм эле дей берет. Колдоочулары мигранттар. Анан Баткенде 7-8 миңдей колдоочусу болсо керек. Бул адамды Жапаровго атаандаш катары санабайм.


Кантсе да өлкөдө тынчтык болсун. Баардык талапкерлерге ийгилик!


Айкөкүл Асылбекова

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Чыныбек Куттукулов
Мурдунан алысты көрө албаган сабатсыздар деле эксперт болуп күйгүздү !
Али
Жөөн эле сындагылачы. Мадумаровдон утулушун билип туруп каралап жатасыңарда
Таа
Биз санайбыз сен санабасан
Нурманбет
Кулкулуу макала жазыптырго. Чындыка жараша жазгыла да.ойунардан чыгарбай.
Бердияр Мурзаев
Туура айтыныз, Садыр Жапаровтун эн негизги атаандашы Адахан Мадумаров, калгандары эчким эмес, кулкуну келтиретку бул