Таштанды челектен табылган балага башка ат коюлду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Буга чейин ымыркайга дарыгерлер Садыр деген ысым ыйгарышкан. Бирок кийинчерээк туулгандыгы тууралуу күбөлүктө башка ысым көрсөтүлгөн.
Эске салсак, 8-ноябрь күнү кечинде милицияга Лев Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы төрөлгөн бала таштанды челекке оролгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк 21 жаштагы кыз кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн