Сахара чөлүндө абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаады.Бул адаттан тыш аба ырайынын абалын фотограф Карим Бучетата сүрөткө тартып nstagram баракчасына жарыяланган.
Ал Алжирдин Айн-Сефра шаарынын жанындагы карлуу чөлдү, Сауд Аравиясынын түндүк-батышындагы Табук аймагындагы кардан кийинки төөлөрдү жана абанын температурасы -3 ° C чейин төмөндөгөндө, муз каптаган дңсөөлөрдүн үстүндө турган койлорду сүрөткө тарткан.
The Sun журналы белгилегендей, ысык мезгилде чөлдө температура + 50C чейин көтөрүлүшү мүмкүн, бирок ушул айда температура нөлдөн төмөн түшкөн. Январь - Сауд Арабиясынын эң суук айы, орточо температурасы 20,2 °. Ал эми Табук - өлкөнүн эң суук аймактарынын бири, орточо температурасы 4 градус.
10-январда тоолуу аймактын жергиликтүү тургундарын кар күрткүсү каптады. Ливан, Сирия жана Иранда да кар жаады.
Булак: Борбордук Азия
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн