Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 07:22
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Саида Мирзиёева Өзбекстанда мугалимдерге ашыкча милдет жүктөгөндөр жоопко тартыларын билдирди

20.12.2022 09:33
812
Саида Мирзиёева Өзбекстанда мугалимдерге ашыкча милдет жүктөгөндөр жоопко тартыларын билдирди

Өзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева өлкөдө мугалимдердин укугу корголушу керектигин билдирди. 


Өзбек маалымат каражаттары кабарлагандай, президенттин администрациясы мугалимдерге ашыкча милдет жүктөгөн тараптарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккан.


"Биз мугалимдерге бекер кызматкер катары мамиле жасоону токтотушубуз керек. Мугалимдер балдардын билими менен алектениши керек, үймө-үй кыдырып тизмелерди толтурбай. 

Мугалимдер биздин келечегибиз болгон балдардын билими жана тарбиясы үчүн жооптуу. Аларга ашыкча милдет жүктөгөн, өзүнүн функциясын толук аткарбаган жергиликтүү бийлик болсун, жеке тараптар болсун жоопко тартылышы керек. Аларга карата мыйзам долбоору иштелип чыкты жана тез арада колдоо таап, күчүнө кирет деген ишенимдемин",- деп билдирди Саида Мирзиёева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн