Үйлөрдү кыдырып медициналык текшерүү башталганын пайдаланып, алдамчылар баруусу мүмкүн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун
басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 6-июндагы брифингде билдирди.
"Медицина кызматкерлери үйлөрдү кыдырып текшерүү жүргүзүүдө, муну пайдаланып алдамчылар үйлөргө кирип, улуу курактагы адамдарды алдап коюусу мүмкүн. Медицина кызматкерлери келгенде алар өздүгүн тактаган документтерин көрсөтөт. Мындан улам элдерди сак болууга чакырамын жана ар бир келген адамдан өздүгүн тактаган документтерди талап кылсын”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн