Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 07:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Сак бол! Россиядан келүүчү чартердик каттамга алдамчылар билет сатууда

23.05.2020 19:28
1440
Сак бол! Россиядан келүүчү чартердик каттамга алдамчылар билет сатууда


Ар кандай алдамчылар социалдык тармактарда, вотсап тайпаларда 26-майда “Аэрофлот” авиа компаниясы тарабынан аткарыла турган каттамга Элчиликтин атынан жалган билеттерди сатып жатат. Бул тууралуу Россиядагы Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, билеттер сатылып жатат деген жалган маалымат жана ал билеттер жарактуу эмес. Ал эми аталган каттамга билеттер Элчилик тарабынан түзүлгөн тизме боюнча гана сатыларын эскертет. Билеттерди аэропорттон “Аэрофлоттун” кассаларынан гана алыш керек экени айтылат.

 

“Азыркы кезде ошол жалган маалымат тараткан жана билет саткан адамдар боюнча иликтөө иши жүрүп жатат. Мындай жалган маалымат таратып, жалган билет сатып, элди дүрбөлөңгө салган аракеттери үчүн ал адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Башка жактардан билет сунуштагандарга ишенбегиле. Бул каттам менен тизмеге жазылган боюнда бар аялдар жана эки жашка чейинки балдары бар энелер гана билет алып кете алышат”, - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн