Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:34
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сак болуңуз! Бишкек, Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө

Сак болуңуз! Бишкек, Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.


Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.


Буга байланыштуу министрлик жарандарды жеке коопсуздук жана материалдык чыгымдарга алып келүүчү кырсыктын алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо менен этият болууга чакырат.


“Кырсык болгон учурда "112" номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта”, - деп белгилешти ведомстводон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн