Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен беш адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош облусунда – 3, Бишкек шаарында – 2 адам каза болду.
Учурда стационарларда 1642 бейтап, ал эми 1520 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1082 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн