Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Саламат Садыкова: Руханий ачкачылыктан эсен-аман чыгып кетели

26.04.2020 11:22
2068
Саламат Садыкова: Руханий ачкачылыктан эсен-аман чыгып кетели


Ыйык орозонун адамдын ден соолугу жана ыйманынын тазарышы үчүн мааниси абдан чоң, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине кыргыз элин Рамазан айы менен куттуктап жатып.   


Ал белгилегендей, медицина илиминде дагы орозо кармоонун адамдын ден соолугуна тийгизген пайдасы абдан көп экени айтылат. Адамдын ички дүйнөсү, ашказаны тазарат.


Демек, ашказан тазарса, башказан тазарат. Башың тазарса оюң тазарат. Адам аттууну адам кылып жүргөнү үч гана нерсе: оюң, акылың, анан сөзүң. Мына ушул үч нерседен адам адашпаса башка айлан-чөйрөсүнө жылуулук тартуулай алат, жакшынын шарапаты деген сөз ушул эмеспи. Орозо айында мусулман эли өздөрүнүн ыйманын агартып, бири-бирине болгон адамкерчилигин бийиктетет. Азыр коомдо эмне көп, доомат көп, ызы-чуу көп, адам адамзаттын атын сыйлабай калган. Ошондуктан Орозо айы адамдарга акыл берсин деп тилейм”, - деди Саламат Садыкова.


Эл артисти белгилегендей, чыгармачыл адамдар марттын башынан баштап үйдө болуп жатышат. Вирустун өлкөгө кирүүсүнөн жаз менен кошо жайнап келген турмуштагы шаан-шөкөттөр токтоп, театрлар жабылды. Бирок жакшы жагы – көп окууга, изденүүгө, жан дүйнөнү агартууга мүмкүндүк болот экен. Кудай адамды жаратканда, өзүң көр-турмуш менен алышып, эмгек кыл, мээнет кыл, кызмат кыл, анан ошонун кызыгын көр деп айтат экен. Жашоонун мааниси ошондой болгондон кийин урук-тууганга, балдарга жакшылык тилеп жашоо керек, адамдын өмүрү мына ушунуу менен өрнөктүү.


Мен Ыйык Рамазан айында кыргыз элине каалайт элем, урмат-ызаат көбөйүп, жаштар ыймандуу болсун. Дасторкондо береке болсун, очоктун оту өчпөсүн. Кыргыз эли ырыскыга толгон берекелүү эл, дагы да ынтымак, береке уюсун. Болгону руханий ачкачылык болуп жатат, ушул ачкачылыктан эсен-аман чыгып кетели”, - деген каалоо тилегин билдирди ал.


Ырчы кошумчалагандай, ал быйыл дагы ооз бекитип, өткөндөрдү эстеп, дуба түшүрүп, куран окутту. Кетирген кемчиликтерин кечирүүнү Алладан тилек кылды.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн