Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Саламат Садыкова чукул кайрылуу жасады

23.03.2021 17:04
3639
Саламат Садыкова чукул кайрылуу жасады

Эки күндөн бери үн чыкпайын десем, токтолчудай эмес, Кудайдан жөө качкан кудайсыздар, инстаграм, мессенджерден, вотсаптан: ушул ыраспы, чынбы деген суроо сопкутун жөнөтүп тынчымды бузуп, карандай калптын соцтармактарда, менин сүрөттөрүмдү, атымды пайдаланып,көптүн башын айлантып, азгырып жатканын токтобой кабарлап жатышат. Жыландай жылма,кыларга иши жок кыянатчыл караөзгөйлөрдүн көбөйгөнү өкүндүрөт...


Кадырлуу мекендештер, урматтуу улуу кичүү, акыл эстүү коомчулук сиздерге кайрыламын,менин атымдан кайдагы бир мага бейтааныш дары дармектерди кадыресе интервью материалдарын жасалма фейктер таратып жатыптыр. Карандай калп..Ишенбеңиздер мен эч качан кайсыл бир таблетка же БАДЫ  дары-дармектерди колдонуп да көрбөдүм.  Өздүк барактарымдан деле эч качан андай далилсиз алдамчы продукцияны күнүмдүк оокат үчүн жарнама кылган жокмун.  Мен үчүн бул жанкечтилердин жосунсуз жоруктары акылга сыйбаган көрүнүш...

Мындай кара беттерди ким тыят,мыйзам иштесе ушундай адамдын атына, затына, кадырына каалагандай желеде желпилдеген желмаяндардын да жүрүм-турумдарына чек коюлса деймин..Аферисттердин, карандай калптын кара суусун кайнатып жаткандар токтоткула, Кудайдан корксоңор боло..


Саламат Садыкова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн