Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, вице-премьер-министр жаңы жетекчини тааныштырууда белгилегендей, ушундай кыйын кырдаалда күч-аракетибизди бириктирүү менен саламаттык сактоо тутумундагы маселелерди, биринчи кезекте, COVID-19 илдетине каршы күрөшүү маселесин чечүүбүз зарыл.
«Күн сайын COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Медициналык мекемелердин даярдыгы, мобилдик бригадаларды комплекттөө, зарыл дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, кадрдык ресурсту даярдоо – биздин алдыбызда турган артыкчылыктуу милдеттер. Буга катар коронавирустан башка оорулардын алдын алуу жана дарылоо маселеси да көңүлдүн борборунда болушу абзел», - деп жыйынтыктады ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн