Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Саламаттык сактоо министри Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

01.08.2023 17:29
344
Саламаттык сактоо министри Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү


2023-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга борбордун жетекчилиги, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын жана ММК фондунун өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги темасы борбордун дарыгер, орто жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасы болду.

Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов кызматкерлердин эмгек акысынын учурдагы абалы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал белгилегендей, кызматкерлер кепилденген эмгек маяна алышууда, мындан тышкары эмгек акы фондусун үнөмдөөнүн эсебинен түзүлө турган эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКК) түрүндөгү үстөк бар.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясынын учурунда кошумча төлөмдөр чегерилген, алар 2022-жылдын апрелинен тарта өзгөчө кырдаалдын алынып салынышына байланыштуу токтотулган. Алсак, 2020-жылдан 2022-жылдын апрелине чейин COVID-19 менен ооругандарды ташуу үчүн кошумча төлөмдөргө 25,5 миллион сом бөлүнгөн. Дарыгерлерге – 750 сом, орто кызматкерге – 600, кенже кызматкерлерге жана айдоочуларга – 500 сомдон.

2020-жылга - 4445,6 миң сом;

2021 -18170,0 миң сом, анын ичинен - ​​1701,0 миң сом кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөмдөр;

2022-жылдын 12-апрелине чейин - 2977,9 миң сом, анын ичинен - ​​712,5 миң сом кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөмдөр.

«Кызматкерлердин эмгек акыларын текшерүү учурунда Тез жардам борборунун айрым кызматкерлеринин айлык акысы 25 миң сомдон 11 миң сомго чейин кыскарганы тууралуу маалымат тастыкталбаганы белгилүү болду», - деди Искендер Шаяхметов. "Маалыматтарга кылдат талдоо жүргүзүлүп, кызматкерлерге туура маяна толук төлөнүп берилгени белгилүү болду. Бирок фельдшерлердин биринин айлык жүктөмүн толук аткарбагандыгы (толук эмес милдеттеме) аныкталып, натыйжада анын айлыгынын азайышы, бул адистин чегерилиши 25 миц сомду тузет.

Жыйындын жыйынтыгында министр Гүлнара Баатырова Финансы башкармалыгына жана ММК фондуна Медициналык тез жардам борборунун кызматкерлеринин эмгек акысын карап чыгууну тапшырды. Министр бюджеттик каражаттарды сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жол берилгис каталарды же мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жана аудиттерди жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурду. Текшерүүлөр жана аудиттер жөнүндө отчеттор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине берилүүгө тийиш, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын таанышуусу үчүн жеткиликтүү болушу шарт.

Министр ошондой эле Бишкектеги Медициналык тез жардам борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметовго кызматкерлерге чегерүүлөр жана эмгек акылар тууралуу маалымат берүү ишин жакшыртууну каалады.

"Биз өз ара сый жана ишеним атмосферасын түзүшүбүз керек, анда команданын ар бир мүчөсү анын укуктары жана кызыкчылыктары корголгондугун билиши керек. Ачык диалогду жүргүзүү эмгек акы системасындагы мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктоого жана оңдоого жана аны жакшыртуу боюнча биргелешип аракеттенүүгө жардам берет. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык жетекчилеринин медицина кызматкерлери менен ачык баарлашуусу абдан маанилүү. Коллектив менен үзгүлтүксүз байланыш түзүп, администрациянын да, саламаттыкты сактоо министрлигинин да жүргүзүлүп жаткан иштери, анын ичинде эмгек акы боюнча, айрыкча эмгек акы системасында өзгөрүүлөр болгондо өз убагында маалымат берип туруу зарыл. Жумуштагы айкындуулук жана ачыктык -ишенимдин жана кызматташтыктын негизи болуп саналат», - деп баса белгиледи Гүлнара Баатырова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн