Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:02
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Саламаттык сактоо министри дарыгерлерди калкка кымбат дарыларды жазбоого чакырды

02.03.2023 13:33
381
Саламаттык сактоо министри дарыгерлерди калкка кымбат дарыларды жазбоого чакырды

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова республиканын ведомстволук түзүмдөрүнүн жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен жума сайын өткөрүлүүчү кеңешмеде калкты жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурду, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.

Министрдин айтымында, жарандар жеңилдетилген дары-дармектерди тиешелүү арзандатууларды эсепке албастан сатып алууга мажбурланып жаткандыгы боюнча даттануулар болуп жатат.

"Урматтуу кесиптештер, дары менен камсыздоо саясатын баарыңар билесиңер. Эмнеге жарандарыбызга дары-дармектерге рецепт жазып бербейсинер. Мамлекет тарабынан дары-дармектерге каражат бөлүнүп жатса да, бейтаптарды кымбат баалуу дарыларды сатып алууга жөнөтөсүңөр. Ал эми башка аймактардан келген канчалаган адамды кайра текшерүүдөн өтүү үчүн жеке лабораторияларга жөнөтөсүңөр? Мамлекеттик лабораторияларга ишенбейсиңерби? Эмнеге бейтаптарды дароо ооруканага жаткырбайсыңар? Ушул маселелерге өзгөчө көңүл бургула", - деди министр.

Министрдин тапшырмасы боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине жарандарды амбулатордук жана стационардык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо маселесин, ошондой эле жарандар республиканын саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү негизсиз кайталоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу боюнча ооз эки тапшырма берилди.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинде ведомствого караштуу түзүмдөрдүн жетекчилеринин (ММКФ, РИБ, СПИД РБ, МСЭКД), баштапкы жана үчүнчү деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жума сайын жыйын өткөрүлүп турат. Жыйында аймактык түзүмдөрдүн жетекчилери онлайн байланышат.

Маалымат үчүн: Параноиддик шизофрения, себептери ар кандай аффективдик бузулуулар, эпилепсия, бронхиалдык астма менен жабыркаган бейтаптарды, терминалдык стадиядагы онкологиялык оорулууларды мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында мамлекет амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылат. Жеңилдетилген дарыларды сатып алууда бейтаптар үчүн арзандатуу 90-100% түзөт.

Мындан тышкары, камсыздандырылган жарандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн дарыканалардан электрондук рецепттерди колдонуу менен дары-дармектерди (500дөн ашык аталыштагы) 50%га чейинки арзандатуу менен сатып алууга укуктуу. Калган сумма (50%) ММК фонду тарабынан каржыланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн