Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамсыз иштеген жеке медмекемелерди жаба албайбы?

19.08.2022 14:00
458
Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамсыз иштеген жеке медмекемелерди жаба албайбы?

Саламаттык сактоо министрлиги элге лицензиясыз кызмат көрсөткөн мыйзамсыз медициналык мекемелерди жабуу укугуна ээ эмес. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо ардегерлери ассоциациясынын төрагасынын орун басары, саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.


Анын айтымда, мындай чара КР мыйзамында каралган эмес. “Убактылуу медициналык чектөө коюу гана бар, бирок алар жардам бербейт. Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн мыйзамга белгилүү бир түзөтүүлөрдү киргизип, бардык жеке медициналык мекемелердин бирдиктүү маалымат базасын түзүшүбүз керек, аны көз карандысыз эл аралык уюм көзөмөлдөй тургандай кылышыбыз керек”, - деди ал.


Эскерте кетсек, 2022-жылы 11-апрелде мыйзамсыз иштеген клиникаларды аныктоо боюнча Саламаттык сактоо министринин буйругу чыккан.


Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкекте эле Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеген 27 косметологиялык мекеме аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн