Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:26
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде каржы бузуулар аныкталды

27.01.2024 17:41
338
Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде каржы бузуулар аныкталды


Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-жыл аралыгына карата бюджеттин аткарылышына аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы 105 млн 999,8 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталды. 

Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жасалган бузуулар – 3112,6 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 55378,4 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9819,4 миң сом;
  • эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу – 26 939,8 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар - 10749,6 миң сом.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун материалдары укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине – отчет, жазма буйрук, сунуш жана сунуштама жөнөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн