Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:16
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Саламаттыкты сактоо министри коронавирусту айыктыруу үчүн Ысык-Көл тамыры колдонулуп жатканын айтты

16.04.2021 11:30
1039
Саламаттыкты сактоо министри коронавирусту айыктыруу үчүн Ысык-Көл тамыры колдонулуп жатканын айтты

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев  Ысык-Көл тамыры менен дарылоо коронавирустун экинчи толкуну учурунда колдонулган жана азыр да колдонулуп жатканын айтты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди. 


"Аралашмасын мен өзүм даярдайм. Ден-соолукка эч кандай зыяны жок. Болгону аны  ысык ичүү керек, эки-үч күндүн ичинде ПЦР анализдер таза чыгып, адам ошол замат өзүн жакшы сезип калат. Бул какырык чыгарууга жана кан басымды түшүрүүгө жакшы таасир этет. Бейтапка жооптуу ар бир дарыгер бейтапты карап, аралашманы ысык ичип жатканда жанында отурат. Мен өзүм да ичем. Эгерде журналисттер талап кылса мен алардын алдында да иче берем",- деди министр. 


Министрдин айтымында, азыркы учурда дарылоо 4-протоколдун негизинде жүрүп жаткандыктан, тамыр расмий түрдө патенттелген эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн