Бүгүн, 20-майда Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан алынган 8 санитардык унааларды тапшыруу аземинде Орозкан аттуу айым трибунада сүйлөп жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын жанына басып барды. Аны Милициянын кайгуул кызматы четке сүйрөп чыкты.
Ал аял журналисттерге өзүн Орозкан Ашымбаева 7 мүмкүнчүлүгү чектелген баланын апасы экенин айткан.
"Биздин айылды ким карайт. Айылда бир тез жардам унаасы жок. Мен 14 баланын апасымын алардын жетөө инвалид. Пенсияга чыгарайын десем, министр Бейшеналиев 100 миң сомдон акча талап кылды",- деди Ашымбаева.
Пикирлер (1)