Коронавирусту дарылоодо уу коргошун колдонулбай калды. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда уу коргошундун клиникалык сыноо мезгили өттү.
"Уу коргошун менен дарылоодо 400 киши өз ыктыяры менен клиникалык сыноодон өттү. Биз алардын анализдерин Казакстанга, Россияга жибергенбиз. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Азыркы учурда болсо уу коргошун коронавирусту дарылоодо колдонулбайт",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн