Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:19
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов дарылануудан кийин жумушка чыкты

03.08.2020 12:19
1172
Саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов дарылануудан кийин жумушка чыкты


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарылануудан кийин бүгүн, 3-августта жумушка чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


«Министр стационардык дарылануудан кийин бир жума үй карантинде болуп, обочолонуу режимин сактады. Ал жокто милдеттерин орун басары Мадамин Каратаев аткарды. Бүгүндөн тарта министр штаттык режимде иштеп жатат», - деп айтылат маалыматта.


Министрлик 10-июлда С.Абдикаримовдон пневмония аныкталганын, кийинчерээк Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатканын билдирген.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн