Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Саламаттыкты сактоо министри Травматология жана Ортопедия борборунун жаңы директорун жамаатка тааныштыруу үчүн Эдил Байсаловго кайрылды

07.02.2022 14:02
788
Саламаттыкты сактоо министри Травматология жана Ортопедия борборунун жаңы директорун жамаатка тааныштыруу үчүн Эдил Байсаловго кайрылды

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда бир ай ичинде реформа жасоо зарыл. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, жаңы тез жардам ооруканасын уюштуруу процесси өлкөдө жазгы талаа иштери башталганга чейин жүргүзүлүшү керек.


“Биз Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жамаатына жаңы жетекчини тааныштыра алган жокпуз, ошондуктан мен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кайрылып, ал өзү жеке жаңы жетекчини жамаатка тааныштыруусун өтүндүм. Жаңы жетекчи Гулия Кожакматова менен Сабырбек Жумабековдун ортосунда тирешүү жүрүүдө. Буга байланыштуу мен жаңы жетекчиге Саламаттык сактоо министрлигинде отуруп эле оорукананы кайра түзүүнү тапшырдым”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн