Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Казакстандан вакцина алып келүү боюнча айткан маалыматын четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Тугжановдун айтымында, Казакстан QazVac вакцинасын Кыргызстанга жардам катары берүү маселесин караган эмес.
Эскерте кетсек, Бейшеналиев Казакстан өзү өндүргөн вакцинасын Кыргызстанга жардам катары бере тургандыгын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн