Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Саламаттыкты сактоо министри кайрадан уу коргошунду мактады

31.05.2021 13:39
1216
Саламаттыкты сактоо министри кайрадан уу коргошунду мактады

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев  уу коргошундун пайдаларын атады. Мындай билдирүүсүн ал Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты.


Анын айтымында, Кыргызстанда 300-400 адамга клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн.


«Уу коргошундун дозасын бергенде эң жакшысы, иммунитетти көтөрөт экен. Коронавирус менен ооруп жаткандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат экен. Үчүнчүдөн, кант диабетине пайда экен. Ашказан рагында биз 3-4-баскычында «медицина жардам бере албай калды» деп чыгарып койчубуз. Мына ошол ракты өстүрбөй кармап турат экен» , — деди министр.


Ошондой эле ал коронавирусту жалгыз гана вакцина менен жеңүүгө боло турганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн