Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кышка даярдык жана коронавирус илдети боюнча маалымат угулууда. Жыйын жүрүшүндө депутат Бактыбек Турусбек коронавирус жана анын экинчи толкунуна байланыштуу туу чокусу качан болору тууралуу суроо узатты.
Депутаттын суроосуна саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун экинчи толкуну азыр болуп жатканын жана анын туу чокусун күтүп жатабыз деп жооп берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн