Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары беткап тагынбаганы үчүн эскертүү алды

17.06.2020 19:18
981
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары беткап тагынбаганы үчүн эскертүү алды


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында беткап тагынбай отурганы үчүн парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдон эскертүү алды.


Мадамин Каратаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, гемодиализ аппаратын пайдалануу үчүн электрондук кезек уюштурулганын, аны алдыга жылдырууга бир дагы бейтаптын мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.


Кезекти эч ким жылдыра албайт, керек болсо спикер айтабы, депутат айтабы, эл өзү көзөмөлгө алып турат. Электрондук кезек жана башка маселелер боюнча эч ким кийлигише албайт”, - деп айтты орун басар.


Дастан Жумабеков Мадамин Каратаевди сүйлөп жаткан жеринен токтотуп, “биринчиден беткапты тагыныңыз, саламаттыкты сактоо министринин орун басары болосуз, сиз өзүңүз тартипти сактаңыз. Эл сизди карап атат, биз сизди карап үлгү алабыз. Экинчиден депутаттарды айтууда абайлап сүйлөңүз. Биз андай кийлигишүү боюнча кайрылган эмеспиз, кайрылбайбыз дагы. Этияттап сүйлөңүз, себеби эл туура эмес түшүнүп калат”, - деп эскертти Жумабеков.


Дароо беткапты тагынган орун басар бул сөздү мисал катары эле айтканын билдирип, кечирим сурады.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн