Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Саламаттыкты сактоо министрлиги 179 млн сомго сапатсыз вакцина алган

16.11.2021 16:07
779
Саламаттыкты сактоо министрлиги 179 млн сомго сапатсыз вакцина алган

Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылы 179 миллион сомго сапатсыз жана кереги жок вакциналарды сатып алган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин отурумунда билдирди.


Анын айтымында, ошол убакта министрликтин жооптуу адамдары жеке компаниядан 135 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцинанын 550 миң дозасын алган.


"Алар техникалык талаптарга жооп бербейт экен. Ошондой эле кереги жок болсо дагы пневмококко каршы 44 миллион сомго 20 миң доза вакцина алынган. Бул боюнча тергөө жүрүүдө", — деди Зулушев.

Башкы прокурордун билдиргенине караганда, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупция актуалдуу көйгөй болууда. Ал кеп туура эмес пландаштыруу, өз ара сүйлөшүп алуу, чыгымдар жана бюджеттин каражатын ыйгарып алуу тууралуу болуп жатканын белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн