Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Саламаттыкты сактоо министрлиги 300 аскер багытындагы дарыгерлерди чакырууну көздөп жатат

15.04.2020 17:12
927
Саламаттыкты сактоо министрлиги 300 аскер багытындагы дарыгерлерди чакырууну көздөп жатат


Саламаттыкты сактоо министрлиги 300 аскер багытындагы дарыгерлерди чакырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айтты.


Анын айтуусуна караганда өлкөдө дарыгерлердин жетишпестиги болбойт.


“Учурда 106 эпидемиолог, 31 инфекционист 159 лаборант жана 22 вирусолог дарыгерлер иштеп жатат. Өлкөдөгү баардык вирусологдорду жумушка тартып жатабыз. Түштүкө ординаторлордон дарыгерлер тобу кафедрадан жөнөп кетти. Алардын арасында жугуштуу оорулар боюнча адистер жана анестезиологдор бар. Бизде Кыргыз Республикасында инфекциялык багытындагы дарыгерлер жетишпейт. Мындан сырткары, биз аскер багытындагы 300 дарыгерди 2 айга чакырууну көздөп жатабыз”, - деди Абдикаримов.


Ал ошондой эле илдетти жугузуп алган 98 медицина кызматкеринин 27 дарыгерлер экенин, калгандар орто жана техникалык кызматкерлер экенин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн