Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Вакцина эмес, анын документтери сунушталды

12.01.2021 12:46
522
Саламаттыкты сактоо министрлиги: Вакцина эмес, анын документтери сунушталды


Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.


"Кыргызстан коронавируска каршы вакцинация боюнча эл аралык COVAX программасына мүчөлүк кылат. Анын алкагында бизге алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасын сунуш кылышты. Биз анын канчалык ыңгайлуу экенин иликтеп көрүшүбүз керек. Азырынча бир кемчилиги катары анын сактоо шарты каралып жатат. Биз колдонуп жүргөн мурдагы вакциналардын бардыгы +1 же 2 градуста сакталчу. Учурда Россиянын вакцинасын алуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",  деди Үсөнбаев.


Анын айтымында, бул вакцина -70 градуста сакталышы керек. Ал эми Кыргызстанда буга техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн