Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы бир бала бакча ачты

15.12.2021 14:30
691
Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы бир бала бакча ачты

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы №115 “Наристе” балдар бакчасынын дагы бир жаңы филиалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.


Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бала бакчанын ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, анын орун басарлары жана бала бакчанын жетекчилиги катышты.


7-кичирайондо жайгашкан “Наристе” балдар бакчасынын жаңы филиалы Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана балдар бакчасынын жетекчилигинин колдоосу менен пайдаланууга берилди.


Балдар бакчасы 250 орунга ылайыкташкан, анда төрт тайпа болот: даярдоочу, жогорку, орто жана кенже тайпалар.


Министр “Наристе” балдар бакчасы санитардык-эпидемиологиялык абалга толук жооп берерин айтты.


“Балдар биздин келечегибиз. Биздин бүгүнкү күнкү күчүбүз – алардын келетектеги пайдубалы. 250 орундуу балдар бакчасынын ачылышы биздин медициналык кызматкерлердин айлап кезек күтпөстөн балдарын балдар бакчасына орнотууга мүмкүндүк берет. Биздин жаңы балдар бакчасы балдар үчун экинчи үйү болуп калат деп ишенем”, - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн