Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги энелердин өлүмү боюнча маалымат бериши керек, деп билдирди депутат Шарапаткан Мажитова бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында.
Ал белгилегендей, Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай фактылар боюнча оорукана жетекчилерине жана дарыгерлерге катуу чараларды көрүшү керек. «Бул коомчулукка белгилүүсү гана. Биз билбеген канча өлүм бар?", — деди депутат.
Мажитова 11-февралда Жайыл районунда толготуп жаткан аял каза болгонун эске салды. «Бул жерде дарыгерлердин күнөөсү ачык көрүнүп турат. Туугандарынын эч кимиси кирүүгө уруксат берилген эмес. Алар аны күнү бою ошол жерде кармашкан. 9 бала энесиз калды. Буга чейин эгиз төрөп берген аял да каза болгон. Көптөгөн резонанстуу өлүмдөр бар», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн