Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

08.01.2024 13:34
193
Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

«Кыргызстанда COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдө беткап тагынууга жана COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат. Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ДССУ тарабынан алдын ала квалификацияланган жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын июнь айына чейин болгон 150 000 доза көлөмүндө “Синовак” вакцинасы бар. 2024-жылдын биринчи кварталындаPfizer вакцинасынын 20 000 дозасынын келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 8-январда кайрадан COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, министр ДССУнун алдын ала квалификациясынан өткөн «Синовак» вакцинасын алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн