Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемия учурунда аппараттарды өз баасынан кыйла кымбат сатып алганы аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемия учурунда аппараттарды өз баасынан кыйла кымбат сатып алганы аныкталды

КР УКМК тарабынан саламаттык сактоо системасындагы туруктуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында коронавирус пандемиясы учурунда атайылап жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуунун системалуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталгандай, 2020-жылдын май айларында Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, ал эми алардын базар баасы 600 миң АКШ долларын түзгөн. Мисалга алганда, 40 даана сатылып алынган ар бири 30 миң АКШ долларынан турган желдеткичтердин баасы Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары, 2020-жылдын сентябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң АКШ долларынан болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң АКШ долларынан ашпаган суммада болгон.

Ушундай эле абал медициналык мекемелерге дем алууну колдоочу каражаттарды (концентратор) жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө дагы байкалган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесине (Коррупция) ылайык катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн