Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Саламаттыкты сактоо министрлиги таштанды челектен табылган ымыркайдын абалы тууралуу айтып берди

09.11.2023 16:39
401
Саламаттыкты сактоо министрлиги таштанды челектен табылган ымыркайдын абалы тууралуу айтып берди


Таштанды челектен табылган жаңы төрөлгөн ымыркай бир күн мурун Бишкектеги №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.


Маалыматка ылайык, ымыркай айына жетип төрөлгөн, бирок салмагы аз — болгону 2 килограмм 210 грамм.


«Абалы оор болчу, баланын белгисиз шартта төрөлүшү, катуу гипотермия (температуранын 28,4 градуска чейин төмөндөшү) менен шартталган», - деп белгилешти ведомстводон.


Реанимация бөлүмүндө балага дароо бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө дарыгерлер баланын абалы туруктуу жана жакшырып баратканын билдирип жатышат.


«Кычкылтексиз ал инкубатордо кошумча тамак менен тамактанат, дарыланып жатат. Балага бардык оптималдуу шарттар түзүлдү, байкоо улантылууда», - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги жана баланын кабыл алынганы тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө кабарланганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн