Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 02:28
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Саламаттыкты сактоо министрлиги уу коргошун менен дарылоону уланта берет

19.04.2021 10:42
863
Саламаттыкты сактоо министрлиги уу коргошун менен дарылоону уланта берет

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри бейтаптарды уу коргошун менен дарылоо улантыла берет. Мындай пикирин Алымкадыр Бейшеналиев 24.кг агенттигине билдирген. 


Анын айтымында, дарылоо натыйжасы жакшы болгондуктан уу коргошун менен дарылоо улантылат.


"Дарылоодо уулануу же терс таасирлер байкалган жок. Себеби дозаны өзүбүз тандайбыз. Анан "Ысык-Көл тамыры", же уу коргошун деп айтпай эле коёлу. Эл аралык аталышы - аконит. Бүткүл дүйнө жүзүндө ал онкологиялык ооруларга, тери ооруларына, кургак учукка жана башкаларга каршы колдонулган. Кечээ мен Россиядагы көптөгөн илимпоздор менен сүйлөштүм. Алар "Бүткүл дүйнө COVID-19 дарылоонун жолун издеп жатат, эгер жакшы натыйжаларга жетсеңиз, анда эмне үчүн мындай резонанс жаралат",- деди. Эми клиникалык сыноолорду өткөрүп, отчет беребиз дедим" ,- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн