Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Саламаттыкты сактоо министрлигине 7 тез жардам унаасы тапшырылды

13.08.2020 14:43
1556
Саламаттыкты сактоо министрлигине 7 тез жардам унаасы тапшырылды


Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарында Эл аралык  NAMA уюмунун демөөрчүлүгү менен жети тез жардам унаасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, заманбап жана акыркы медициналык технологиялар менен  жабдылган  жети тез жардам унаалары атайын заводго буюртма менен сатып алынган. Алардын экөөсү портативдүү  ИВЛ,  дефибриллятор, ЭКГ апараттары менен жабдыкталып, реанимобиль стандартына ылайыкташтырылып берилүүдө.


Унааларды тапшыруу аземине вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, “Ассанабил” ККФнун президенти Саид Баюми жана башка коноктордун катышуусу менен өттү. 


“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду Ала-Тоо өнүктүрүү жана  NICE Кыргызстан NAMA уюму менен биргеликте Covid-19 илдетине каршы түзүлгөн программанын негизинде саламаттык сактоо тармагына 4 ИВЛ аппараты, 10 миң  медициналык беткап, 2 миң респиратордук беткап, 100 миң кол каптар берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн