Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алган

15.04.2020 08:39
1023
Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алган


Саламаттыкты сактоо министрлиги эки кызматкери коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери.


Аларда COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин, алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды – жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөткөн.


"Ооруну жуктуруп алгандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн