Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы жетекчилери жамаатка тааныштырылды

06.06.2022 14:22
373
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы жетекчилери жамаатка тааныштырылды

Бүгүн, 6-июнда Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Жаркынбек Касымбеков Саламаттыкты сактоо министри жана анын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп, Бүбүжан Арыкова жана Улан Садыков министрдин орун басары болуп дайындалган.


Эске салсак, 4-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу кызматтан четтетилген. Ал эми орун басарлары кызматтан бошотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн