Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-июнга чейин толугу менен электрондук документке өтөт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Учурда документтерди электрондоштуруу этап-этабы менен иштер жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-апрелден тарта мамлекет толугу менен электрондук документке өтө турганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн